Кайрадан кош келиңиздер! Бул курстун негизги максаты киреше мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоо үчүн жеке жана командалык аракеттериңизди үзгүлтүксүз бириктирүүгө жардам берүү. Активдүү өнөктөш катары сиз 5 потенциалдуу киреше булагына ээ болосуз: Активдештирүү бонустары, Апталык шайкештик бонусу, Командалык Лидерлик Бонусу, Кайталануучу киреше жана Куруучулардын Базалык Бонусу. Сиз өзүңүздүн жеке, ошондой эле "түздөн-түз" мүчө активдештирүүлөрүңүздөн да киреше таба аласыз. Кошумчалай кетсек, өнөктөш командаңыз мүчөлөрдү активдештиргенде андан да киреше таба аласыз. Бул тренингде жана башка киреше тууралу документтеринде көрсөтүлгөн бардык акча баалуулуктары АКШ доллары валютасында көрсөтүлгөнүн белгилей кетүү маанилүү. Киреше алуунун биринчи жолу - активдештирүү бонустары. Активдештирүү деген Клубка мүчө каттоо же катталуу процессин билдирет. Мүчөлөр жана өнөктөш мүчөлөр компенсация максатында бирдей мааниге ээ. Учурдагы мүчөлөрдү жогорку Мүчө Пландарына көтөрүү бонуска ээ болуу үчүн активдештирүү катары эсептелет. Сиз ала турган активдештирүү бонустарынын эки түрү бар. Биринчиси - Күнүмдүк активдештирүү бонусу (КАБ). Экинчиси бул айлык активдештирүү бонусу. Ар бир жолу сиз мүчөнү түздөн-түз активдештирген сайын, алардын тандаган мүчөлүк планына жараша бонус аласыз. Бонус адатта 24 сааттын ичинде inCruises капчыгыңызга түшөт. Кирешеңиз капчыгыңызга которулгандан кийин, сизге электрондук почта аркылуу билдирүү келет. Ошондой эле бардык активдештирүү бонустук квитанцияларын өнөктөштүк боюнча жеке кабинетиңиздеги “Күнүмдүк активдештирүү” бөлүмүнөн көрө аласыз. Бир календардык айдын ичинде белгилүү бир пландын экиден ашык мүчөсүн активдештиргенде, Classic же Premium активдештирүүлөрү боюнча бардык кошумча бонустарды ала аласыз. Мисалы: Эгер сиз бир календардык айдын ичинде үч Classic планындагы мүчөнү жана үч Premium планындагы мүчөнү активдештирсеңиз, анда сиз 60 долларга ээ болосуз. Бул үч Classic планындагы мүчөнү активдештирүү үчүн ай сайын бонус катары берилүүчү 20 доллардын үч эселенгени. Premium планындагы үч мүчөнү активдештирүү үчүн ай сайын бонус катары берилүүчү 50 доллардын үч эселенгенине барабар 150 АКШ долларына ээ болосуз. Баары биригип, күнүмдүк активдештирүү бонустарыңыздын үстүнө айлык активдештирүү бонустарыңыз $210долларды түзөт. Күнүмдүк же айлык активдештирүү бонусуна ээ болгон сайын электрондук почта аркылуу билдирүү гана эмес, активдештирүүлөрүңүздү ошондой эле өнөктөштүк жеке кабинетиңизден да көзөмөлдөй аласыз. Сиздин компенсация панелиңиз күнүмдүк жана айлык активдештирүүнүн толук маалыматын көрсөтөт. Керектүү маалыматты алуу үчүн жөн гана тиешелүү баскычты басыңыз. Түздөн-түз активдештирүү башка команда бонустарынын кулпусун ачуунун ачкычы болуп саналат, ал тууралуу биз бул курста кийинчерээк сүйлөшөбүз. Эми бул маанилүү теманы карап. чыккандан кийин, эмнелерди үйрөнгөнүңүздү билүү үчүн, кыскача тесттен өтөлү.